> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылдын I-чейрегинде Кумтөрдө 2.5 тонна алтын өндүрүлгөн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/25/untitled-93/
- Published: 2023-05-25T07:40:09.000Z
- Updated: 2023-05-25T07:40:08.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кумтөр Голд Компани» ЖАК 2023-жылдын I-чейрегинде 80 511 унция же 2 504 кг алтын өндүргөн. Маалымат ишкананын отчетунда көрсөтүлгөн.**

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын I-чейрегинде мурда казылып алынган кампалардагы рудалардын запастарын кайра иштетүүнү эске алуу менен алтын өндүрүү 80 511 унцияны же 2 504 кг түздү. Ал эми 2022-жылдын ушул эле мезгилинде 66 474 унция же 2 068 кг алтын өндүрүлгөн.

Көлөмдүн өсүшү – биринчи кезекте фабрикага жиберилген рудадагы алтындын курамынын жогору болушу, ошондой эле рудадан металлды алуу коэффициентинин жогорулашына байланыштуу болду.

2023-жылдын биринчи чейрегинде фабрикага алтындын ар кандай курамы бар кампалардан берилген рудадагы алтындын орточо курамы тоннасына 2.34 граммды, рудадан алтынды ылгап алуу коэффициенти 72.11% түздү. 2022-жылдын биринчи чейрегиндеги бул көрсөткүчтөр тоннасына 2.27 граммды жана 67.46% түзгөн.