> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кумтөрдөн 2.4 тонна алтыны сатылып кирешенин көлөмү $146.7 млн түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/25/untitled-95/
- Published: 2023-05-25T08:30:57.000Z
- Updated: 2023-05-25T08:30:56.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын I-чейрегинде Кумтөрдүн 2.4 тонна алтыны сатылды. Маалымат ишкананын отчетунда көрсөтүлгөн.**

Такталгандай, 2023-жылдын I-чейрегинде 77 547 унция же 2 412 кг алтын сатылса, 2022-жылдын ушул эле маалында бул көрсөткүч 63 077 унция же 1 962 кг алтынды түзгөн.

Алтынды сатуудан түшкөн жалпы киреше $146.7 млн түзсө, 2022-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч $119.9 млн түзгөн.

Эске салсак, «Кумтөр» кенинде өндүрүлгөн Доре куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык заводдо андан ары кайра иштетүү үчүн сатылып алынат. Аффинаждалган алтынды жана күмүштү КРда жана анын чегинен тышкары сатуу боюнча өзгөчө укукка «Кыргызалтын» гана ээ.