> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кумтөр бюджетти $48.1 млн толуктады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/25/untitled-97/
- Published: 2023-05-25T09:20:17.000Z
- Updated: 2023-05-25T09:20:17.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын I-чейрегинде «Кумтөр Голд Компани» ЖАКнын Соцфондго болгон чегерүү жана башка милдеттүү төлөмдөр $48.1 млн түздү. Маалымат ишкананын отчетунда көрсөтүлгөн.**

Ишкана белгилегендей, КРнын аймагындагы төлөмдөр (анын ичинде: салыктар, аффинаж, инфраструктура, жергиликтүү жеткирүүчүлөргө товар жана кызмат көрсөтүү үчүн болгон төлөмдөр, кайрымдуулук ж.б.) $91.7 млн ашты.

Эске салсак, 2023-жылдын I-чейрегинде алтын өндүрүү 2 504 кг түздү. Анын ичинен 2 400 кг алтыны сатылып $146.7 млн пайда алып келген.