> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Экономика министрлиги менен кытайлык YEMA GROUP биргелешкен соода борборун түзөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/26/untitled-107/
- Published: 2023-05-26T05:55:39.000Z
- Updated: 2023-05-26T05:55:38.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Экономика жана коммерция министрлиги менен кытайлык YEMA GROUP., LTD компаниясынын ортосунда «Кыргыз-кытай соода борборун түзүү жөнүндө» меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу минкаб маалымдады.**

Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (Кытай Эл Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында, Huahe international компаниясынын жетекчилиги менен биргеликте Кыргызстанда түзмө-түз иш алып барууга кызыккан 30дан ашуун кытай ишкерлеринин катышуусундагы “Кыргызстан - Кытай” бизнес жолугушуусуна катышты.

Төрөбаев эки өлкөнүн экономикасына салым кошкон ишкерлер үчүн Кыргызстан кытай ишкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, ар кандай тармактагы ишкерлик чөйрөсүндөгү презентациялар көрсөтүлүп, аны менен бирге далилдүү сунуштар, жана инвестициялык долбоорлор каралып чыкты.