> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда расмий түрдө 23 миңге жакын чет элдик жаран иштейт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/26/untitled-113/
- Published: 2023-05-26T09:50:54.000Z
- Updated: 2023-05-28T05:03:17.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда расмий түрдө иштеп жаткан чет элдиктердин саны учурда 22 800 адамды түзөт. Маалыматты Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.**

Маалыматка ылайык, 2022-жылы 11 миң чет элдик жаран Кыргызстанда иштөөгө уруксат алган. Ошол эле учурда республикада жыл сайын эмгек визасына 16 миң квота бөлүнөт.

Ошондой эле, 2023-жылдын I-кварталынын жыйынтыгы боюнча 1286 чет элдик санариптик көчмөндөрдүн статусуна ээ болгон.