> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Альянс Алтын» Кыргызстандын бюджетин 11 млрд сомдон ашык толуктады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/26/untitled-115/
- Published: 2023-05-26T07:40:22.000Z
- Updated: 2023-05-26T07:40:22.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы 2023-жылдын апрелине карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке 11 млрд 167 млн сом салык төлөдү, анын ичинен 7.5 млрд сом алтынды сатуудан түшкөн каражаттар. Бул тууралуу компаниянын каржылык отчетунда айтылат.**

«Альянс Алтын» ишканасы Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүү үчүн 792.6 млн сом төлөп берди, анын ичинде:

• Талас облусун өнүктүрүү фонду (50%) – 396.3 млн сом;

• Талас районунун өнүктүрүү фонду (30%) – 237.8 млн сом;

• Бекмолдоев айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фонду (20%) – 158.5 млн.