> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сүт секторунун 774 фермер жеңилдетилген насыя алды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/29/sut-siektorunun-774-fiermier-zhienildietilghien-nasyia-aldy/
- Published: 2023-05-29T09:02:07.000Z
- Updated: 2023-05-31T08:07:23.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда 774 жеңилдетилген насыя алды. Кредиттер «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорунун алкагында берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.**

Такталгандай, толук суммасы $1.16 млн каржыланды. Ошондой эле, Дүйнөлүк банктын миссиясынын алкагында Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарына долбоордун аткарылышы боюнча иш-чара уюштурулду.

Сапардын жүрүшүндө ар бир региондо сүт өндүрүүчүлөрдүн карыз алуучу топторуна баруулар уюштурулду.

Бардык аймактарда фермерлер өздөрүнүн жетишкендиктери, айландыруу фондунун алкагында сатылып алынган уйлар көрсөтүлүп, алган билим жана көндүмдөрү тууралуу жыйынтыктары менен бөлүшүштү.