> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарба министрлиги жазгы талаа иштеринин жүрүшү боюнча отчет берди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/29/untitled-123/
- Published: 2023-05-29T07:45:54.000Z
- Updated: 2023-05-29T07:45:53.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров маалымат жыйынында жазгы талаа иштеринин жүрүшү боюнча отчет берди.**

Анын айтымында, быйылкы жылдын алгачкы айдоо иштери Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай райондорунда, Ош облусунун Араван жана Кара-Суу райондорунда, ошондой эле Жалал-Абаддын Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда башталды.

Ошондой эле, республика боюнча жалпысынан 633.8 миң гектар жер айдалды, бул былтыркыга салыштырмалуу 1.9 миң гектарга көп.

> «Республикада дан эгиндери 318.6 миң гектарга эгилди – бул былтыркыдан 4.9 миң гектарга көп. Буудай айдоо 103.4 миң гектарды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 1.9 миң гектарга көп айдалды. 215.2 миң гектар аянтка арпа себилди, бул өткөн жылга салыштырмалуу 3 миң гектарга көп», - деди Нурдин Алишеров.