> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров малга салык киргизүүнү колдогон жок
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/29/untitled-126/
- Published: 2023-05-29T11:00:03.000Z
- Updated: 2023-05-31T08:08:02.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров малга салык киргизүү демилгесин колдобойт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.**

Маалым болгондой, президенттин 2022-жылдын апрель айындагы жарлыгы менен Кыргызстандын фермерлерине жана дыйкандарына жеңилдиктер берилген. Ошол эле учурда айыл чарбасы үчүн пайдаланылган жерлер үч жылга салыктан бошотулган.

Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин жер салыгын төлөөдөн бошотуу маселеси кайрадан каралат. Андыктан Садыр Жапаров дыйкандарга жакшы шарттар түзүлүшү керек деп эсептейт. Ошондой эле депутаттар да малга салык киргизүү демилгесин колдобой жатканы айтылууда.

Эске салсак, буга чейин демилгени «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев көтөрүп чыккан. Ал бир кой-эчкиге 100 сомдон (40 жана андан ашык баш болсо), жылкыларга 250 сомдон алууну сунуш кылды.