> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоору боюнча 54.2 млрд сомго кредиттер берилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/29/untitled-128/
- Published: 2023-05-29T12:00:50.000Z
- Updated: 2023-05-29T12:00:49.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023–жылдын 25–майына карата «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорлору боюнча 126 430 чарбалык субъектилерге 54.27 млрд сом суммасында кредит берилген. Ыкчам маалыматты Финансы министрлиги жарыялады.**

Берилген кредиттердин ичинде:

· «мал чарбачылык» тармагы боюнча 34.96 млрд сом суммасында 100 303 субъект, ал кредит берүүнүн жалпы көлөмүнүн 64% түзөт;

· «өсүмдүк өстүрүүчүлүк» тармагы боюнча 8.46 млрд сом суммасында 23 658 субъект, ал кредит берүүнүн жалпы көлөмүнүн 15% түзөт;

· «Айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү» тармагы боюнча 10.85 млрд сом суммасында 2 469 субъект, ал кредит берүүнүн жалпы көлөмүнүн 21% түзөт.