> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жылдын аягына чейин Баткенде канал курулат – 1 миң га жерди сугат суу менен камсыз кылат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/30/zhyldyn-aiaghyna-chieiin-batkiendie-kanal-kurulat-1-min-gha-zhierdi-sughat-suu-mienien-kamsyz-kylat/
- Published: 2023-05-30T10:00:11.000Z
- Updated: 2023-05-31T08:10:12.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткенде 1 миң гектар жерге суу жеткире турган Кара-Кол каналынын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү маалымдады.**

Такталгандай, учурда анда узундугу 14 км болгон каналды куруу, калыбына келтирүү иштери аткарылууда. Долбоордун сметалык баасы 27 млн сом. Анын ичинен Агахан эл аралык уюумунан 26 млн сом грант берилген.

Азыркы учурда тоо арасындагы капчыгайдын ичиндеги Сары-Таш, Таңги участкасында темир суу түтүктөрүн сваркалоо, монтаждоо иштери жүрүп жатса, Ак-Терек участкасында каналды бетондоо жана даярдоо иштери жасалууда.

Каналдын курулушун 2023-жылдын ноябрь айына бүтүрүү пландалган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/05/01.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/05/48f3a1e4-89c4-4500-a08e-e7212be16b85-1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/05/1186e908-531d-4033-a619-7f40dbacb7b8.jpg)