> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан жаратылыш байлыктарын коротпой, киреше табат – Жаратылыш министрлиги
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/31/untitled-152/
- Published: 2023-05-31T08:00:45.000Z
- Updated: 2023-06-02T03:29:44.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан жер казынасынан жана башка ресурстарын коротпой, тескеринче киреше табат. Бул тууралуу жаратылыш министри Мелис Тургунбаев Бишкек суу форумунун жүрүшүндө билдирди.**

Анын айтымында, жаңы улуттук суу стратегиясын ишке ашырууда жаратылыш чөйрөсү улуттук мурастын эң баалуу компоненти катары коомдук мамилелер системасына киргизилет.

> «Кыргызстан жаратылыш менен гармониялуу жанаша жашоого негизделген жаңы экономикалык моделди курат. Жаратылыш ресурстары бюджеттин чыгаша бөлүгү болбой калып, киреше бөлүгүнө өтөт», - деди министр.

Ал кошумчалагандай, экологиялык туруктуулук өлкөнүн экономикалык өсүшү менен камсыздалат.