> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын ирригациялык инфраструктурасы жарымы эскирген
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/31/untitled-153/
- Published: 2023-05-31T08:30:24.000Z
- Updated: 2023-06-02T03:29:36.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын ирригациялык инфраструктурасы эскирип жана жаңыланууга муктаж. Бул тууралуу Бишкек суу форумунун жүрүшүндө айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов билдирди.**

Анын айтымында, чарбалар аралык каналдардын узундугу 5.9 миң чакырымды түзүп, анын 40% жаңылоону талап кылат. Коллектордук-дренаждык тармактын узундугу 1.2 миң км, анын 48% эскирген.

Мында гидротехникалык имараттардын саны 7.7 миң бирдикти түзөт, анын 74% модернизациялоону талап кылат. Кыргызстандагы 33 суу сактагычтын баары жаңыланууга муктаж.

> «Суткалык жана он күндүк суу сактагычтын саны 60га жете. Алардын ар бири модернизацияга муктаж», - деп жыйынтыктады министрдин орун басары.