> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чолпон-Атада «Европа Биримдиги - Борбордук Азия» саммити өтөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/05/31/untitled-155/
- Published: 2023-05-31T10:00:46.000Z
- Updated: 2023-05-31T10:00:45.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 2-июнунда Чолпон-Атада «Европа Биримдиги - Борбордук Азия» экинчи саммити өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.**

КРнын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, саммитке президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышат.

> «Эки региондун ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечек пландары талкууланат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана Борбордук Азия мамлекеттери менен Европа Биримдигинин өз ара аракеттешүүсү боюнча пикир алмашуу болот», - деди Азымбакиев.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров делегация башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Эртеси, 3-июнда, Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин КРна расмий сапары болот.