> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Чакан ГЭС» өз карамагындагы ГЭСтеринде оңдоо иштерин алып барууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/01/chakan-ges-oz-karamaghyndaghy-gestierindie-ondoo-ishtierin-alyp-baruuda/
- Published: 2023-06-01T11:20:30.000Z
- Updated: 2023-06-02T03:26:31.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**«Чакан ГЭС» ААК күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында иш-чараларды улантууда. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.**

«Чакан ГЭС» өз карамагындагы гидроэлектростанцияларында утурумдук жана капиталдык оңдоо иштерин алып барууда.

Анын алкагында энергетиктер Аламүдүн-3 гидроэлектростанциясынын биринчи гидроагрегатына жана анын көмөкчү жабдууларына утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүштү. Ал үчүн кызматкерлер турбиналык, жогорку жана төмөнкү генератордук подшипниктерди тууралап (регулировка), басым бассейинин ондошту.

> «Май айынын ичинде «Чакан ГЭС» ААКнын кызматкерлери ушундай эле утурумдук оңдоо иштерин Лебединовка ГЭСинин биринчи гидроагрегатында жана күч трансформаторунда жүргүзүштү», - деп мекеме белгиледи.

Мындан сырткары, учурда биздин кызматкерлер Аламүдүн-6 ГЭСинин гидроагрегатынын клапандык затворун (суу тосуучу дарбазасын) ондоодо.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/350785927_1039279370812449_1053914703615413751_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/350786264_284947887305161_6448322484138722760_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/350822015_1314274372842184_5386627173441595980_n-1.jpg)