> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Минкаб суу тармагындагы аймактын кызыкчылыгын көздөгөн креативдүү идеяларды күтөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/01/minkab-suu-tarmaghyndaghy-aimaktyn-kyzykchylyghyn-kozdoghon-krieativduu-idieialardy-kutot/
- Published: 2023-06-01T03:00:51.000Z
- Updated: 2023-06-01T03:00:51.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Суу – дүйнөлүк актуалдуу тема. Ошол себептүү аймактын кызыкчылыгын көздөгөн креативдүү идеяларды күтөбүз. Бул тууралуу Бишкек суу форумунун алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты.**

Жапаров климат өзгөрүп жаткан учурда, коопсуз ичүүчү сууга, санитарияга жана гигиенага жетүү адамдын ден соолугу жана бакубат жашоосу үчүн эң негизги муктаждыгына айланганын белгиледи.

> «Дүйнө жүзү боюнча 2 млрдга жакын адам ичүүчү сууга жетпей, дүйнө калкынын 40 пайызы суунун тартыштыгынан жапа чегип келет. Сууну керектөөнүн 70%га жакынын айыл чарбасы түзөт. Белгилүү болгондой, Борбор Азия өлкөлөрү дагы агрардык мамлекет. Адамзаттын сууга болгон суроо-талабы өсүүдө жана ал 2050-жылга карата 40 пайыздан ашык көбөйөт деп болжолдонууда», – деди ал.

Дүйнөлүк тарыхта суу – гүлдөгөн улуу цивилизациялардын тарыхын түзгөнүн билгилеген минкаб төрагасы, бүгүн жогорку технологиялык 21-кылымдасуу – өнүгүүнүн башаты болуу позициясын жоготкон жок – бүгүн дагы бирөө ичээрге суу таппай жүргөн доор. Демек, суу – дүйнөлүк актуалдуу тема. Ошол себептүү бүгүнкү Бишкек суу форумунун алкагында, аймактын кызыкчылыгын көздөгөн креативдүү идеяларды күтөбүз, деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.