> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абадда туристтердин жаңы түрүн киргизсек болот – Бакыт Төрөбаев
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/01/zhalal-abad-oblusunda-turisttierdin-zhany-turun-kirghizsiek-bolot-bakyt-torobaiev/
- Published: 2023-06-01T04:27:33.000Z
- Updated: 2023-06-01T04:27:32.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Жалал-Абад облусунда «жашыл туризмди» өнүктүрүп, туристтердин жаңы түрүн киргизсе болот. Бул тууралуу «Энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү – Жалал-Абад облусунда туруктуу жашыл туризмди өнүктүрүү» форумунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.**

Анын айтымында, Жалал-Абад облусунун жашыл энергияны өндүрүү боюнча потенциалы чоң.

> «Жалал-Абад облусу өзүнүн географиялык абалына байланыштуу күн жана шамал энергиясы, ошондой эле гидроэнергетикалык ресурстары жеткиликтүү. Ошондой эле, бүткүл дүйнөдө “жашыл туризм” модалуу тенденцияга айланып, өлкөлөрдүн экономикасынын эң тез өнүгүп жаткан тармактарынын бири болууда. Республикадагы гидроэнергетикалык ресурстардын үчтөн экиси Жалал-Абад облусунда топтолгондуктан, туристтердин жаңы түрүн киргизсек болот», - деди Төрөбаев.

Белгилей кетсек эл аралык форумда Россия, Кытай жана Өзбекстан сыяктуу бир катар мамлекеттерден келген делегациялардын катышуусунда жашыл энергетика, туризм тармактарында эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууларды жогорулатуу маселелери сүйлөшүлдү.