> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылдын I-чейрегинде айыл чарба продукциясы 7.9 млрд сомго экспорттолгон
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/02/2023-zhyldyn-i-chieirieghindie-kyrghyzstan-7-9-mlrd-somgho-aiyl-charba-produktsiiasyn-eksporttolghon/
- Published: 2023-06-02T06:30:04.000Z
- Updated: 2023-06-02T06:30:04.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын I-чейрегинде Кыргызстан 37 млрд сомдон ашык суммага товар экспорттогон. Анын ичинен 7.9 млрд сомго айыл чарба продукциясы экспорттолгон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.**

Тактап айтканда, КРнын экспортунун товардык түзүмүндө айыл чарба продукциясынын жана азык-түлүктүн үлүшү 21%ды түздү. Анын ичинен:

· мал чарба продукциясы – 1.2 млрд сомду түзүп, айыл чарба продукциясынын жалпы экспортунун жалпы көлөмүнүн 15% түздү;

· өсүмдүк продукциясы – 3.2 млрд сомду түзүп, бул айыл чарба продукциясынын экспортунун жалпы көлөмүнүн 39.8% түздү;

· кайра иштетилген айыл чарба продукциясы 3.6 млрд сомду түзүп, айыл чарба продукциясынын экспортунун жалпы көлөмүнүн 45.2% түздү.