2023-жылдын I-чейрегинде айыл чарба продукциясы 7.9 млрд сомго экспорттолгон

2023-жылдын I-чейрегинде Кыргызстан 37 млрд сомдон ашык суммага товар экспорттогон. Анын ичинен 7.9 млрд сомго айыл чарба продукциясы экспорттолгон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Тактап айтканда, КРнын экспортунун товардык түзүмүндө айыл чарба продукциясынын жана азык-түлүктүн үлүшү 21%ды түздү. Анын ичинен:

· мал чарба продукциясы – 1.2 млрд сомду түзүп, айыл чарба продукциясынын жалпы экспортунун жалпы көлөмүнүн 15% түздү;

· өсүмдүк продукциясы – 3.2 млрд сомду түзүп, бул айыл чарба продукциясынын экспортунун жалпы көлөмүнүн 39.8% түздү;

· кайра иштетилген айыл чарба продукциясы 3.6 млрд сомду түзүп, айыл чарба продукциясынын экспортунун жалпы көлөмүнүн 45.2%  түздү.