> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча долбоорду ишке кирди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/02/untitled-170/
- Published: 2023-06-02T03:00:33.000Z
- Updated: 2023-06-02T03:00:32.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Салык кызматы Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын ортосундагы автомобиль жана темир жолдук жүк ташууларында электрондук навигациялык пломбаларды колдонууну караган пилоттук долбоорду ишке киргизди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.**

Бул пилоттук долбоор 2023-жылдын 1-сентябрына чейин уланат. Электрондук навигациялык пломбаны колдонуу чек арада контролдук-текшерүү иш-чараларын минималдаштырууга мүмкүндүк берет, бул жүктөрдү өткөрүү процессин тездетет, ошондой эле товарлардын контрабандасына каршы ишенимдүү бөгөт болот.

> «Пилоттук долбоордун жүрүшүндө Кыргызстан аймагынан Казакстанга жана Россияга товар менен бара жаткан транспорт каражатына «Ак-Тилек авто жолу» жана «Чалдыбар автожолу» контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жайгашкан Салык кызматынын товарларды эсепке алуу пунктунун кызматкерлеринин катышуусунда Улуттук оператор тарабынан электрондук навигациялык пломба коюлат. Электрондук навигациялык пломбаларды алып салуу Казакстан жана Россия тарабынан аныкталган жерлерде жүргүзүлөт», - деп мекеме түшүндүрдү.

Ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде жүзгүзүлөт.