> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россиялык «Система» Кыргызстандын туристтик потенциалын изилдөөдө
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/02/untitled-173/
- Published: 2023-06-02T05:10:38.000Z
- Updated: 2023-06-02T05:10:37.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Россиянын ири инвестициялык компанияларынын бири «Система»акционердик финансы корпорациясынын (АФК) өкүлдөрүКыргызстандын туристтик потенциалын изилдөөдө. Ала өздөрүнүн пландары жөнүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуу учурунда айтып беришти.**

Минкаб маалымдагандай, тараптар КРнын туристтик потенциалын өнүктүрүү жана ишкерлик жаатында кызматташуунун келечегин талкуулашты.

«Система» АФКнын инвестициялык портфелине дүйнөлүк даражадагы эксперттер тарабынан жогору бааланган мейманкана бизнеси, кыймылсыз мүлк объекттери, чекене соода, электрондук коммерция, жогорку технологиялар сыяктуу бир катар тармактардын лидерлери кирет.

Корпорация 1993-жылы түптөлгөн, 30 жыл аралыгында туризм индустриясы тармагында бир катар уникалдуу долбоорлорду ишке ашырып, дүйнөлүк даражадагы эксперттердин жогорку баасын алган.