> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Венгрия ирригациялык системаны жакшыртуу тууралуу талкуулашты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/03/untitled-185/
- Published: 2023-06-03T04:10:47.000Z
- Updated: 2023-06-03T04:10:46.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Венгриянын элчиси Шандор Дороги менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.**

Жолугушууда тараптар суу чарба, ирригациялык системаны жакшыртуу, энергетика, айыл чарба маселелерин сөз кылышты.

Ошону менен бирге бул маселелерде Венгриянын бай тажрыйбасын эске алуу менен суу тазалоочу курулмаларды жеткирүү, венгриялык технологияларды колдонуу менен муниципалдык инфраструктураны модернизациялоо жаатында кызматташуунун конкреттүү перспективалары талкууланды.