Кыргызстан менен Венгрия ирригациялык системаны жакшыртуу тууралуу талкуулашты

Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Венгриянын элчиси Шандор Дороги менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Жолугушууда тараптар суу чарба, ирригациялык системаны жакшыртуу, энергетика, айыл чарба маселелерин сөз кылышты.

Ошону менен бирге бул маселелерде Венгриянын бай тажрыйбасын эске алуу менен суу тазалоочу курулмаларды жеткирүү, венгриялык технологияларды колдонуу менен муниципалдык инфраструктураны модернизациялоо жаатында кызматташуунун конкреттүү перспективалары талкууланды.