> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акылбек Жапаров Сары-Жаз дарыясына ГЭС курула турган жерди көрүп келди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/05/untitled-186/
- Published: 2023-06-05T05:40:23.000Z
- Updated: 2023-06-05T05:40:22.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Сары-Жаз дарыясына ГЭС каскадын куруу» долбоорунун алкагында гидроэлектростанциялар курула турган жерди көрүп келди. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.**

> Маалыматка ылайык, Сары-Жаз дарыясына жалпы кубаттуулугу 1100 МВт болгон 6 ГЭСтин каскадын Кытай менен биргеликте куруу пландалууда.

Бул долбоордун максаты, электр энергиясына болгон тартыштыкты азайтуу жана керектөөчүлөрдү энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу болуп саналат.