> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Айыл банк» менен «РСК банктын» уставдык капиталдары 17 млрд сомго толукталат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/05/untitled-188/
- Published: 2023-06-05T06:30:13.000Z
- Updated: 2023-06-05T06:30:12.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Финансы министрлиги «Айыл банк» менен «РСК банктын» уставдык капиталдарын жогорулатуу үчүн 17 млрд сом бөлүп берет. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы эскертти.**

Такталгандай, каражаттар «Агроөнөр жай комплексин кредитөө» долбоорунун алкагында бөлүнөт. Анын ичинде: «Айыл банк» ААКга 11.1 млрд сом жана «РСК банк» ААКга 5.9 млрд сом.

Азыркы тапта «Айыл банк» менен «РСК банкка» 10.3 млрд сом которулду. 2023-жылдын 25-майына карата 3 543.4 млн сом өлчөмүндө 3 273 жеңилдетилген кредиттер берилди.