> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Өзбекстан айыл чарба тармагын өнүктүрүү тууралуу келишимге кол коюшту
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/06/kyrghyzstan-mienien-ozbiekstan-aiyl-charba-tarmaghyn-onukturuu-tuuraluu-kielishimghie-kol-koiushtu/
- Published: 2023-06-06T06:45:00.000Z
- Updated: 2023-06-06T11:02:31.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын Айыл чарбасын стандартташтыруу борбору Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба министрлиги кабарлады.**

Меморандум 2023-жылдын 1-июнунда Өзбекстанда Айыл чарбасын стандартташтыруу борбору ДМ менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы органикалык айыл чарба департаментинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Келишим төмөнкүлөрдү камтыйт:

• эл аралык таанылган сертификация системалары чөйрөсүндө;

• өз ара сертификация чөйрөсүндө;

• тараптардын кызматкерлерин тажрыйба алмашуу, окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча;

• комплекстуу лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жагынан кызматташтыкта бир катар жумуштарды ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.