> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытайлык Zi Jin башка тоо-кен долбоорлоруна катышууга кызыкдар
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/06/kytailyk-zi-jin-bashka-too-kien-dolboorloruna-katyshuugha-kyzykdar/
- Published: 2023-06-06T05:05:35.000Z
- Updated: 2023-06-06T11:02:07.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кыргызалтын» ААК жана Кытайдын Zi Jin эл аралык тоо өндүрүштүк корпорациясы кызматташтык жана өз ара аракеттенишүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу мамлекеттик ишкананын маалымат кызматы кабарлады.**

Такталгандай, кызматташтык төмөндөгү маселелерди чечүүгө багытталат:

• орточо жана ири келечектүү кен жатактарын иштеп чыгуу жолу менен биргелешкен ишкананын минералдык-сырьелук базасын кеңейтүү;

• КРнын аймагында металлургиялык заводдун курулушун; 

• тоо кендерин казып алуу ишмердигине байланышкан маселелерди ишке ашыруу процессинде иштиктүү жардам көрсөтүү; 

• өз ара аракеттенишүү жана долбоорлорду жүзөгө ашыруу менен байланышкан изилдөө иштерине колдоо көрсөтүү; 

• кызматташтыктын башка түрлөрү.