> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Майлуу-Суу лампа заводу жарандарды ишке орноштуруусуна көмөктөшөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/06/mailuu-suu-lampa-zavodu-zhumushsuz-zharandardy-ishkie-ornoshturuusuna-zhardam-bieriet/
- Published: 2023-06-06T05:55:30.000Z
- Updated: 2023-06-06T11:02:19.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Эмгек министрлиги менен Майлуу-Суу лампа заводу жумушсуз жарандарды окутуу жана ишке орноштуруу боюнча кызматташат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.**

Такталгандай, маселе министрлигинин калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Наргиза Туркебекова менен заводдун жетекчилигинин жолугушуусунда көтөрүлдү.

Эмгек шарттарын талкуулоо учурунда «МСЛЗ» ААКда учурда окуу борбору жок экени белгилүү болду. Министрлик заводдун жумушчуларынын квалификациясын жогорулатуу жана жумушсуз жарандарды андан ары ишке орноштуруу менен окутуу үчүн лампа заводунун окуу борборун ачууну сунуштады. 

«Жумушсуз жарандарды кесиптик окутуу, кайра окутуу жана квалификациясын жогорулатуу алкагындагы кызматташуу талкууланды», - деди Туркебекова.