> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарын облусунда жазгы талаа жумуштары 98% аяктады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/06/naryn-oblusunda-zhazghy-talaa-zhumushtary-98-aiaktady/
- Published: 2023-06-06T10:00:14.000Z
- Updated: 2023-06-06T10:00:14.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Быйыл Нарын облусунда 39 миң гектар жерди айдоо пландалган. Учурда жазгы талаа жумуштары дээрлик 98% аяктап калды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кабарлады.**

Такталгандай, 39 миң гектар жердин 29 миңине дан эгиндери айдалган. Анын ичинен 21 миң 800 га арпа, 7 миң 200 га буудай, 6 миң 300 га картошка себилген. Мындан сырткары тоют катарында 140 гектарга жакын аянтка жүгөрү айдалган. Калган жерге жашылча-жемиштин башка түрлөрү отургузулган.

> «Бардык райондордо айдап себүү өнөктүгү аяктап калды. Пландалган жерлер баары айдалды. Мындан сырткары кошумча 1 000 гектарга жетпеген жерге дыйкандарыбыз арпа айдайбыз деп жатышат. Бул жерлер айдалса пландан ашыгы менен айдалган болот», - деп өкүлчүлүктө белгилешти.