> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылдын I-чейрегинде финансы компанияларынын таза пайдасы 1.3 млрд сомду түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/07/2023-zhyldyn-i-chieirieghindie-finansylyk-ortomchuluk-ishkanalarynyn-taza-paidasy-1-3-mlrd-somdu-tuzdu/
- Published: 2023-06-07T05:10:16.000Z
- Updated: 2023-06-07T05:10:15.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын январь-март айларында финансылык ортомчулук уюмдары тарабынан алынган дүң кирешенин көлөмү 4.5 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.**

Мекеменин маалыматына ылайык, бул көлөмдүн үчтөн экиси банк чөйрөсүнөн тышкаркы кредит берүү уюмдары, 18%ы камсыздадыруу компаниялары, 3.4%ы бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы ишканалар тарабынан түзүлдү.

Финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү ишканалардын жалпы санынын жарымынан көбү (53,3%ы) үстүбүздөгү жылдын I кварталын 1.5 млрд сом суммасында пайда менен аяктады, ал эми 14.4%ы чыгаша (200 млн сом) тартты. 

2023-жылдын I кварталынын жыйынтыгы менен алар тарабынан 1.3 млрд сом пайда өлчөмүндө оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык алынды.