2023-жылдын I-чейрегинде финансы компанияларынын таза пайдасы 1.3 млрд сомду түздү
2023-жылдын январь-март айларында финансылык ортомчулук уюмдары тарабынан алынган дүң кирешенин көлөмү 4.5 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.
Мекеменин маалыматына ылайык, бул көлөмдүн үчтөн экиси банк чөйрөсүнөн тышкаркы кредит берүү уюмдары, 18%ы камсыздадыруу компаниялары, 3.4%ы бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы ишканалар тарабынан түзүлдү.
Финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү ишканалардын жалпы санынын жарымынан көбү (53,3%ы) үстүбүздөгү жылдын I кварталын 1.5 млрд сом суммасында пайда менен аяктады, ал эми 14.4%ы чыгаша (200 млн сом) тартты.
2023-жылдын I кварталынын жыйынтыгы менен алар тарабынан 1.3 млрд сом пайда өлчөмүндө оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык алынды.