> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Келе жаткан күз-кыш мезгилине 2.7 млрд тонна көмүр даярдоо зарыл – энергетика министри
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/07/kielie-zhatkan-kuz-kysh-miezghilinie-2-7-mlrd-tonna-komur-daiardoo-zaryl-enierghietika-ministri/
- Published: 2023-06-07T06:00:54.000Z
- Updated: 2023-06-07T07:50:53.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Келе жаткан күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн республика боюнча жалпысынан 2.7 млрд тонна көмүр даярдоо зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымдады.**

Анын айтымында, бюджеттик мекемелерге – 299 миң тонна көмүр, калк үчүн – 1.2 млрд тонна көмүр, Бишкек шаарынын ЖЭБине – 1.2 млрд тонна көмүр керек.

> «Көмүр казып алууга берилген 261 лицензиянын ичинен 142 лицензия алган ишканалар жумуштарды долбоорлоо алкагында болсо, калган 119 лиценция алган ишканалар тарабынан 2022-жылда 3 млн 644 миң 997 тонна көмүр казып алышкан», - деди Ибраев.