Келе жаткан күз-кыш мезгилине 2.7 млрд тонна көмүр даярдоо зарыл – энергетика министри

Келе жаткан күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн республика боюнча жалпысынан 2.7 млрд тонна көмүр даярдоо зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымдады.

Анын айтымында, бюджеттик мекемелерге – 299 миң тонна көмүр, калк үчүн – 1.2 млрд тонна көмүр, Бишкек шаарынын ЖЭБине – 1.2 млрд тонна көмүр керек.

«Көмүр казып алууга берилген 261 лицензиянын ичинен 142 лицензия алган ишканалар жумуштарды долбоорлоо алкагында болсо, калган 119 лиценция алган ишканалар тарабынан 2022-жылда 3 млн 644 миң 997 тонна көмүр казып алышкан», - деди Ибраев.