Кыргызстан менен Катар 13 документтке кол коюшту

Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында, 7-июнда, эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар төмөнкү документтерге кол коюшту:

· КРнын министрлер кабинети менен Катар мамлекетинин өкмөтүнүн ортосунда маданий борборлорду түзүү жана иштетүү жөнүндө макулдашуу;

· аскердик тармакта кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

· саламаттык сактоо жана медициналык илим чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

· бажы мыйзамдарын оптималдуу колдонуу жана бажылык тартип бузууларга бөгөт коюу жана ага каршы күрөшүү максатында өз ара административдик жардам жөнүндө макулдашуу;

· ветеринария тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

· спорт тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

· мамлекеттердин юстиция министрликтеринин ортосундагы укуктук чөйрөдө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

· КРнын Айыл чарба министрлиги менен Катардын муниципалитет иштери боюнча министрлигинин ортосундагы өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

· айыл-чарба жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

· КРнын Финансы министрлиги менен Катардын Финансы министрлигинин ортосундагы биргелешкен кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

· КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Катар Ички иштер министрлигинин ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

· КРнын Улуттук банкы менен Катардын Борбордук банкынын ортосунда борбордук банктардын ишмердиги жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

· И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту менен Катар авиациялык колледжи ортосунда адистерди даярдоо жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.