> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Финансы тармагындагы кызматкерлердин орточо айлыгы 37 миң сомду түзөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/07/kyrghyzstandyn-finansy-tarmaghyndaghy-kyzmatkierlierdin-ortocho-ailyghy-37-min-somdu-tuzot/
- Published: 2023-06-07T05:35:14.000Z
- Updated: 2023-06-07T07:50:42.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын финансы тармагындагы кызматкерлердин орточо айлыгы 37 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика кызматы маалымдады.**

Такталгандай, Кыргызстанда финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүү чөйрөсүндө 900гө жакын уюм иш жүргүзөт.

Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүндө иштеген кызматкерлердин тизмелик саны 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 27.1 миң адамды түздү. Кызматкерлердин эң көп саны финансылык ортомчулук уюмдарында катталган, бул 2021-жылга салыштырмалуу 8.5%га көбөйгөн.