Финансы тармагындагы кызматкерлердин орточо айлыгы 37 миң сомду түзөт

Кыргызстандын финансы тармагындагы кызматкерлердин орточо айлыгы 37 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика кызматы маалымдады.

Такталгандай, Кыргызстанда финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүү чөйрөсүндө 900гө жакын уюм иш жүргүзөт.

Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүндө иштеген кызматкерлердин тизмелик саны 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 27.1 миң адамды түздү. Кызматкерлердин эң көп саны финансылык ортомчулук уюмдарында катталган, бул 2021-жылга салыштырмалуу 8.5%га көбөйгөн.