Адылбек Касымалиев Жаштар форумуна катышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Сочиде Биринчи жаштар форумуна катышты. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Анын айтымында, Жаштар форуму КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаш адистеринин ачык диалогунун жыл сайын өтүүчү аянтчасы жана жакшы салт болуп калат.

«Биздин өлкөлөрдүн жаштарына эң мобилдүү жана активдүү коомдук күч катары бүгүнкү күндө чоң миссия жүктөлгөн. Сиз Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстердин провайдери болушуңуз керек. КМШнын Аткаруу комитети менен Евразия экономикалык комиссиясына келерки жылы КМШнын жана ЕАЭБдин жаш ишкерлеринин жана стартаптарынын форумун уюштуруу маселесин карап көрүүнү сунуштайм», - деп жыйынтыктады Касымалиев.

Белгилей кетсек, эртең мененки ишкер тамактануу үстүбүздөгү жылдын 7-июнунан 9-июнуна чейин Сочи шаарында (Россия Федерациясы) өтүп жаткан КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн II жаштар форумунун алкагында өттү.