> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Чакан ГЭС» Аламүдүн-2 ГЭСинде оңдоо иштерин жүргүзүүдө
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/08/chakan-ges-alamudun-2-gesindie-ondoo-ishtierin-zhurghuzuudo/
- Published: 2023-06-08T11:00:43.000Z
- Updated: 2023-06-09T06:25:57.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

> «Чакан ГЭС» ААК Аламүдүн-2 ГЭСинде 6 кВ чыңалуусундагы сыртка орнотулуучу комплектүү түзмөккө утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.

Такталгандай, жергиликтүү кызмат 6 кВ чыңалуусундагы өчүргүчтүн жана өздүк муктаждыктарга керектелүүчү трансформатордун релелик коргоолорун текшеришип, жабдууну ишенимдүү иштиши үчүн сыноо жүргүзүштү.

Мындан сырткары, энергетиктер трансформатордун изоляциясынын каршылыгын, жогорку жана төмөнкү чыңалуунун ороосун текшеришти.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/352689624_1293726994562941_6175270638157661928_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/352790789_971810093849376_16943869025876593_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/352317782_747103793878837_5758404542520018275_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/352699874_612009064013617_6663439765482032654_n-1.jpg)