«Чакан ГЭС» Аламүдүн-2 ГЭСинде оңдоо иштерин жүргүзүүдө

«Чакан ГЭС» ААК Аламүдүн-2 ГЭСинде 6 кВ чыңалуусундагы сыртка орнотулуучу комплектүү түзмөккө утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.

Такталгандай, жергиликтүү кызмат 6 кВ чыңалуусундагы өчүргүчтүн жана өздүк муктаждыктарга керектелүүчү трансформатордун релелик коргоолорун текшеришип, жабдууну ишенимдүү иштиши үчүн сыноо жүргүзүштү.

Мындан сырткары, энергетиктер трансформатордун изоляциясынын каршылыгын, жогорку жана төмөнкү чыңалуунун ороосун текшеришти.