Кыргызстанда аманаттар кепилдик системасынын коргоосунда 5.6 млн кардар бар

Депозиттерди коргоо системасы тарабынан аманаттары кепилденген аманатчылардын саны 2023-жылдын 1-апрелине карата 5.6 млн субъектти түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында КР Аманаттарды коргоо агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев билдирди.

Кыргызстанда 1-апрелге карата аманаттары коргоо системасы тарабынан кепилденген аманатчылардын так саны 5 млн 643 миң 660 болду. Ушул эле күнгө карата жеке жана юридикалык жактардын депозиттеринин суммасы 52 млрд 686 млн сомду түздү.

Анын ичинен 200 миң сомго чейинки депозиттердин суммасы 33 млрд 708 млн сомду түздү. Депозиттерди коргоо фонду 4 млрд 947 млн сом өлчөмүндө түзүлдү.