> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде оруп жыйноо иштери башталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/09/batkiendie-orup-zhyinoo-ishtieri-bashtaldy/
- Published: 2023-06-09T06:00:57.000Z
- Updated: 2023-06-09T06:26:55.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен облусунун Кадамжай районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.**

Быйылкы жылда облус боюнча 26 миң 786 гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген болсо, анын 6 093 гектары күздүк эгин, 20 миң 693 гектары жаздык эгин. Учурда түшүмдүүлүк гектарына 28 центнерден алынууда.

Белгилей кетсек, дыйкан фермерлерге жаз алды менен сапаттуу, түшүмдүүлүгү жогору үрөндөр сунушталган.