Баткенде оруп жыйноо иштери башталды

Баткен облусунун Кадамжай районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Быйылкы жылда облус боюнча 26 миң 786 гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген болсо, анын 6 093 гектары күздүк эгин, 20 миң 693 гектары жаздык эгин. Учурда түшүмдүүлүк гектарына 28 центнерден алынууда.

Белгилей кетсек, дыйкан фермерлерге жаз алды менен сапаттуу, түшүмдүүлүгү жогору үрөндөр сунушталган.