> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Казакстан чек арада биргелешкен соода-логистикалык борбор боюнча келишимге кол коюшту
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/09/kyrghyzstan-mienien-kazakstan-chiek-arada-birghielieshkien-sooda-loghistikalyk-borbor-boiuncha-kielishimghie-kol-koiushtu/
- Published: 2023-06-09T07:50:25.000Z
- Updated: 2023-06-09T07:50:24.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**«Карасу-Ак тилек» өткөрүү пункттарынын жанына жаңы соода-логистикалык борбор курулат. Кыргызстан менен Казакстан бул комплексти куруу боюнча келишимге кол коюшту. Келишим ушул күндөрү Астанада өтүп жаткан Эл аралык Астана форумунун алкагында түзүлдү.**

Макулдашууга Казакстандын соода жана интеграция боюнча вице-премьер-министри Серик Жумангарин менен Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кол коюшту.

Белгиленгендей, комплекстин түзүлүшү аймактагы өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, Казакстан менен Кыргызстандын соода-экономикалык байланыштарын чыңдоого, жаңы технологияларды тартууга, логистика жана инфраструктураны жакшыртууга шарт түзөт.