Кыргызстан менен Казакстан чек арада биргелешкен соода-логистикалык борбор боюнча келишимге кол коюшту

«Карасу-Ак тилек» өткөрүү пункттарынын жанына жаңы соода-логистикалык борбор курулат. Кыргызстан менен Казакстан бул комплексти куруу боюнча келишимге кол коюшту. Келишим ушул күндөрү Астанада өтүп жаткан Эл аралык Астана форумунун алкагында түзүлдү.

Макулдашууга Казакстандын соода жана интеграция боюнча вице-премьер-министри Серик Жумангарин менен Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кол коюшту.

Белгиленгендей, комплекстин түзүлүшү аймактагы өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, Казакстан менен Кыргызстандын соода-экономикалык байланыштарын чыңдоого, жаңы технологияларды тартууга, логистика жана инфраструктураны жакшыртууга шарт түзөт.