Депутаттар тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун долбоорун колдошту

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген «Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөгү» мыйзам долбоору үчүнчу окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору экономикалык көз карандысыздыкты коргоо, КРнын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, тышкы соода ишмердигин өнүктүрүүгө дем берүү жана өлкөнүн экономикасын эффективдүү интеграциялоо үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоору тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун колдонуудагы практикасын өзгөртпөйт, жаңы жөнгө салуу чараларын киргизбейт жана кызыкдар тараптар үчүн көйгөйлөрдүн келип чыгышына көмөктөшпөйт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана тышкы соода тармагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктары такталды.