Кыргызстан Дүйнөлүк банк менен «Камбар-Ата 1» ГЭСинин курулушун талкуулады

Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча Аймактык директору Чарльз Кормье менен жолукту. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин, өзгөчө «Камбар-Ата 1» ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин актуалдаштыруу долбоорун талкуулашты. МинКаб Төрагасынын орун басары бул долбоордун финансылык моделин сапаттуу түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар энергетика, транспорт жана айыл чарба тармактарында инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы биргелешкен иштерди жүргүзүүгө даяр экендиктерин белгилешти.