Кыргызстан Евробиримдигинин соода саясатына сереп салууга катышты

2023-жылдын 7-июнунда Кыргызстан ДСУнун Европа Биримдигинин соода саясатынын серепине (ССС) катышты. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.

КР Экономика жана коммерция министрлигинин Дүйнөлүк соода уюмундагы өкүлү Нурбек Максүтов белгилегендей, Евробиримдик менен КР 1991-жылы республика эгемендүүлүккө ээ болгондон бери өнөктөш болуп, жыл сайын кызматташууну жана өз ара аракеттенүү багыттарын кеңейтүүдө. Ал өзүнчө 1999-жылдагы Өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашуунун ролун белгилеп, эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге алып чыга турган Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине жакын арада кол коюларына ишенимин билдирди.

Ал ошондой эле ЕБ менен Кыргызстандын ортосундагы товар соодасы 2021-жылдагы 342 млн долларга жана 2020-жылы 309 млн долларга салыштырмалуу 2022-жылы 602.6 млн долларга өскөнүн белгиледи.

«Эки тараптуу сооданын деңгээли товарларды соодалоодо да, кызмат көрсөтүүдө да бир топ чоң потенциалга ээ. Айыл чарба, энергетика жана туризм келечектүү багыттарга айлана алат», - деди Максутов.