Кыргызстандын ИПДсы 3.4% өстү

2023-жылдын январь-май айларында ИДП 354.9 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 3.4%ды (2022-жылдын январь-майына – 4.5%) түздү. ИДПнын дефлятору 16.9% деңгээлинде болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетини шилтемеси менен Экономика министрлиги кабарлады.

Экономиканын өсүшү экономиканын бардык тармактары менен камсыз кылынды: өнөр жайда өндүрүштүн көлөмү 1.2%га, айыл чарбасында 2.4%га, курулушта 4.6%га, тейлөө чөйрөсүндө 1.2%га өстү.

2023-жылдын январь-май айларында өнөр жай ишканалары тарабынан 165.6 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өндүрүштүн көлөмү 1.2%га өскөн (2022-жылдын январь-майында – 12%).

Өнөр жай өндүрүшүнөн ИДПны түзүүгө оң салым 0.2% деңгээлинде бааланат. ИДП өндүрүшүнүн структурасында өнөр жайдын үлүшү 16.3%ды түздү.