> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Үчүнчү өлкөлөр менен тышкы сооданын көлөмү 47%га өстү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/13/uchunchu-olkolor-mienien-tyshky-soodanyn-kolomu-47-gha-ostu/
- Published: 2023-06-13T11:10:19.000Z
- Updated: 2023-06-13T11:10:18.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соодасынын көлөмү (ЕАЭБден тышкары) 2.7 млрд долларды түздү жана 2022-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 47%га өстү. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.**

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын январь-апрель айларында 2022-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу КРнын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмүнүн өсүшү экспорттук берүүлөрдүн да, импорттук түшүүлөрдүн да өсүшү менен камсыз кылынды. Мында соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү 15.9%ды, импорттуку 84.1%ды түздү.

2023-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 1.1 млрд долларды түзүп, 2022-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 7.6%га азайган.

Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (62.3%) жана Казакстанга (35.1%) туура келген.