Үчүнчү өлкөлөр менен тышкы сооданын көлөмү 47%га өстү

Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соодасынын көлөмү (ЕАЭБден тышкары) 2.7 млрд долларды түздү жана 2022-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 47%га өстү. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын январь-апрель айларында 2022-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу КРнын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмүнүн өсүшү экспорттук берүүлөрдүн да, импорттук түшүүлөрдүн да өсүшү менен камсыз кылынды. Мында соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү 15.9%ды, импорттуку 84.1%ды түздү.

2023-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 1.1 млрд долларды түзүп, 2022-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 7.6%га азайган.

Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (62.3%) жана Казакстанга (35.1%) туура келген.